Өлкөдө Тергөө комитети түзүлүп, түз президентке баш иет. Жапаровдун маеги

Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Садыр Жапаров Кыргызстанда Тергөө комитети түзүлүп, ал түз президентке баш иерин "Кабарга" курган маегинде айтты.
Өлкө башчысы күч түзүмдөрүндө жүрө турган реформалар тууралуу маалымат берген. Жапаровдун айтымында, тергөөнүн баары Тергөө комитетине өтөт. Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасы баарынын үстүнөн иштин мыйзамдуулугун көзөмөлдөйт.
Садыр Жапаров Тергөө комитетин түзүү адам укугуна кандай таасир этерин да түшүндүрдү. Өлкө башчынын айтымында, учурда УКМКда да, ИИМде да “ОРД” (ыкчам-иликтөө ишмердиги) жана тергөөчүлөр бар. Баарынын үстүнөн бир эле министр башкарат.

“Мисалы, “оперативник” иш алып келет, иш адилетсиз, бирөөнү “подстава” кылып эле камап жатат дейли. Тергөөчүгө ишти өткөрүп бергенде тергөөчү “бул ишиң соттон өтпөйт” деп кабыл албай коёт. Анан тергөөчүнүн үстүнөн министр чалат дагы “кабыл алып, кылмыш ишин ач” деген буйрук берет. Тергөөчү айласы жок иш козгойт. Тергөөнү бөлүп чыксак адам укуктары 100 пайыз болбосо дагы, 95 пайыз сакталат”, — деген президент.

Ал Тергөө комитети түздөн-түз президентке баш иерин, эки башка орган бири-биринен бөлөк болуп, ортодо туура чечимдер чыгарын айткан.
Ишкерлерге басым-кысым болсо капа болбогула. Жапаровдун Ала-Арчадагы кеби