БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бишкекке Жер шарынын борбору Ысык-Көл болуп көрсөтүлгөн дүйнө картасы орнотулат. Бул тууралуу президенттик администрация маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, мамлекеттик катчы Арслан Койчиев XI кылымда жашап өткөн Махмуд Кашгари түзгөн дүйнө картасынын көчүрмөсүн орнотуу боюнча демилге көтөргөн.
"Борбор Азиядагы ислам ренессансынын толкунунда жаралган картада дүйнөнүн борбору деп Ысык-Көл көрсөтүлгөн. Бул демилге Махмуд Кашгари-Барсканинин 1000 жылдыгына карата иш-чаралардын бир бөлүгү болмокчу", — деп айтылат маалыматта.
Эми Маданият министрлиги сынак аркылуу эң мыкты долбоорду тандап алышы керек.