Бишкек менен Чүйдө катуу шамал үйлөрдүн чатырын учуруп, дарактар кулады

Sputnik
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Бүгүн эрте менен Бишкек шаарында жана Чүй облусунда болгон катуу шамал тамдардын чатырын учуруп, бактар кулаган. Маалыматты ӨКМден билдиришти.
Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге чейин жетип, эки мектеп, жети турак үй, көп кабаттуу үч үй, бир сарай жана эки унаага зыян келген.
Алар:
Бишкектеги Москва көчөсүндө көп кабаттуу үйдүн чатыры учуп, жакын жайгашкан үйдүн үстүнө кулап, кооптуулук жаралган. Бакаев менен Интергельпо көчөлөрүндө да үйлөрдүн чатырларын учуруп, бак кулаган.
Көк-Жар конушунда шамал турак үйдүн чатырын учуруп кеткен, дагы бир көп кабаттуу үйдүн сырты урап, эки унааны басып калган. Бул аймакта бак дагы кулап электр зымына илинип калган.
Ысык-Ата районунун Жар-Башы айылында, Сокулуктун Маловодное айылында, Москва районунун Беловодское айылында шамал үйлөрдун чатырын учуруп, бактар кулаган.
Ал эми Панфиловдун Күрпүлдөк айыл аймагында орто мектептин чатырын учуруп кеткен.
Мурдараак Кыргызгидромет катуу шамал болорун эскерткен.
Былтыркыдан жылуураак болот. Март айына карата аба ырайы