БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Ишембиде аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 6…11, Талас жеринде 5…10, Ысык-Көл облусунда 3…8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 8…13, Нарын өрөөнүндө 0…5 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 9…11, Ош шаарында 11…13 градусту түзөт.