Мэрия: ЦУМдун жанындагы объект үч күндө түрттүрүлөт. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн (ЦУМдун) жанындагы объектини үч күндүн ичинде бузууну тапшырды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.
1 / 2

Мэр Айбек Жунушалиев " ЦУМдун жанындагы объектини үч күндүн ичинде бузууну тапшырды

2 / 2

ЦУМдун жанындагы курулуш иштери

Мындай чечим жасала турган курулуштун эскиздери пландалгандан өзгөрүп, белгиленген чектен чыгып кеткенинен улам кабыл алынганын айтышты.
Жунушалиев азыркыдай объект түшсө дүкөндүн жанындагы фонтанды сактап калууга мүмкүн болбой каларын белгиледи.

Эске салсак, ЦУМдун жанындагы жолду салуу жана айланасындагы курулуштарды реконструкциялоо иши башталгандан тарта улам бир көйгөй чыгып келет. Бул ишкер Нариман Түлеевдин Old Bishkek долбоорунун алкагында жүрүп жаткан. Коомчулук Чүй проспектисинин ошол аймактагы эни тарыганына жана ЦУМдун жанындагы курулуштун өзгөрүп кеткенине нааразы болгон. Аягында Түлеев жолду кеңейтип, курулуштун соңку кабатын алууга мажбур болгон.
Ташиев ЦУМдун жанына салынган имараттын үчүнчү кабатын буздурууну тапшырды