Донбасстагы 2015-жылкы кышкы кармашта Украина Куралдуу күчтөрүнүн бир бөлүгүнүн кыйроого учураган тарыхына токтолобуз.
Тагдырдан качып кутула албайсың. Горловканын чыгышында жайгашкан бул чакан шаар айыгышкан салгылашуунун очогуна айланган.
Дебальцево — каршы-терши кеткен жолдордун очогу. Бул калаа аркылуу Донецк менен Луганскини бириктирген эң маанилүү темир жол өтөт. Анын маанилүүлүгү муну менен эле чектелген эмес. Шаардын тегерегиндеги душмандын позициясы түштүктү көздөй терең кирип турган. ДЭРди ЛЭРден бөлүп салууга багытталган сокку үчүн плацдармга айлануу ыктымалдыгы да болгон. Ошондуктан бул жерди көзөмөлдөө айыгыша кармашкан эки тарап үчүн өтө маанилүү эле. Республикалардын чабуулу 2015-жылдын 22-январында башталган.
Углегорск — Логвиново — Дебальцево. Бул үч пункт кышкы кармаштын эң маанилүү салгылашуулары өткөн жерге айланды. ДЭР менен ЛЭРдин алгачкы чабуулдары ийгилик алып келген эмес. Бирок көп өтпөй Донбасс республикаларынын армиясы душмандын коргонуусун бузуп, Углегорскини, көп өтпөй Логвиновону ээлеген. Андан ары Артёмовскиден Дебальцево шаарына бараткан душмандын техникасын бирден терип атууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бул нерсе курчоого алууга барабар эле. Украиналык аскерлерге канды булоондон курал-жарактарын таштап тирүү чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Бирок ар кыл түзүмдөгү топтор курчоону жарып чыгууга аракет кылганда жок кылынган жана туткундалган.
Качуу, төгүлгөн кан жана "жоготуулар жок" деген жалган ураандар. ДЭР менен ЛЭРдин чабуулуна туруштук берүү мүмкүн эмес эле. Украин армиясынын жана Улуттук гвардиянын бөлүктөрү болгон-тергенин жыйнап, Артёмовскиге карай жылып, курчоону жарып чыгууну чечишет. Бирок Дебальцеводон биринчилерден болуп кол алдындагы жоокерлерин таштап, офицерлер качат. Башчысыз, көрсөтмө берген кишисиз калган топтор да алардын артынан чегинет. Курчоодо калгандар Дебальцевонун тегерегине сооттолгон жүздөгөн машиналарды жана автотехникаларды таштап кеткен. ДЭР менен ЛЭРдин колго түшүргөн олжосу бир топ болчу. Бул каршылаштын орду толгус жоготуусу жана талкалануусу эле.
Дебальцевону калыбына келтирүү. Иштер калаа бошотулгандан кийин узартпай эле башталган. Украин тарап согуштун айынан темир жол түйүнү биротоло жок кылынды деп улам сайрап ырастаганына карабастан, Дебальцево абдан тез арада жашоого кайтарылды. Ал тургай 2015-жылдын мартынан тарта эле украин пропагандачылары өз аудиториясына "Дебальцеводо террорчулар темир жолду калыбына келтиришти" деген аталыш менен жаңылыктарды тарата баштаган.