БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Бишкек шаарында "акылдуу" прожекторлор орнотулуп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Project Vision Al компаниясы тарабынан каржыланган долбоордун алкагында Бишкектеги Bishkek Park соода борборунун жанына сегиз мамы жана сегиз санариптик прожектор орнотулду. Жаңы жабдуу заманбап системалар менен камсыздалып, кошумча кызматтарды да көрсөтөт. Ал күн панелдери, шамал генераторлору жана борборлоштурулган электр тармагы аркылуу иштеп, энергияны үнөмдөп, автономдуу иштей алат.
Мэриянын айтымында, иштерди Биринчи май райондук администрациясы координациялап, орнотуу иштерин "Бишкек жарык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери аткарууда.
Учурда "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасынын адистери Wi-Fi тармагын туташтырып, жасалма интеллектинин элементтери бар видеокөзөмөл камераларын коюуда. Бул камералар келечекте "Коопсуз шаар" системасына интеграцияланат.