19-февралга карата аба ырайы

19-февралда түнкүсүн жана эртең менен өлкөнүн айрым жерлерине туман түшөт. Тоолуу райондорго жана ашууларда кар көчкү түшүп, күрткү пайда болушу мүмкүн.
Sputnik
БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Бейшембиде күндүз республика аймактарында жаан-чачын болбойт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 19…24, Талас менен Баткен жергесинде 17…22, Ош, Жалал-Абад аймактарында 18…23, Ысык-Көл облусунда 8…13, Нарын өрөөнүндө 0…5 градус болуп жылыйт.
Күндүн табы Бишкекте 22…24, Ош шаарында 20…22 градуска чейин көтөрүлөт.
Былтыркыдан жылуураак болот. Март айына карата аба ырайы