БШК Элдар Сулаймановду депутаттык мандаттан ажыратты

Sputnik
БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун мандатын тапшыруу боюнча арызын кабыл алды.
Буга чейин депутаттын мурдагы жубайы аны үй-бүлөлүк зомбулукка айыптаган. Сулайманов бул дооматтарды четке каккан. Ошол эле учурда ИИМдин маалымат кызматы иш көзөмөлгө алынганын жана тиешелүү чаралар көрүлүп жатканын билдирген. Жыйынтыгында анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана мандатынан ажыратуу чечими кабыл алынды.
Сулайманов мандатынан ажыратылгандан кийин №5 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңешке Азизбек Абдуллаев депутат болуп келиши мүмкүн.
13-округ. Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова мандат алмакчы