БИШКЕК, 17-фев. — Sputnik. Шаршембиде өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүйдө 16…21, Талас жеринде 13…18, Ысык-Көл облусунда 7…12, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 16…21, Нарын өрөөнүндө 2…7 градус болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 19…21, Ош шаарында 18…20 градусту түзөт.