Төрөттөн кийинки калыбына келүү: тренддер жана чыныгы пайдалуу ыкмалар

Sputnik
Төрөттөн кийин аялдын организми чоң өзгөрүүлөргө дуушар болот. Гормондор өзгөрөт, уйку бузулат, булчуңдар алсырайт жана чарчоо күчөйт. Азыр төрөттөн кийинки чилде тер, йони стим сыяктуу процедуралар популярдуу болууда. Бул процедуралар эс алууга, психологиялык жактан жеңилдөөгө жардам бере алат. Бирок илимий жактан чындыгында пайдасы далилденген эмес. Чыныгы пайдалуу жолдор — жай кыймыл, жеңил көнүгүүлөр, таздын булчуңдарын машыктыруу, туура тамактануу жана жетиштүү уйку болуп саналат. Илгери кыргыздар төрөгөн аялга жылуу мамиле жасап, күчүн калыбына келтирүүгө шарт түзүшкөн. Азыркы учурда да салт менен медицинаны айкалыштыруу натыйжалуубу "Көз мончок" уктуруусунан тыңдаңыз.