БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Бишкекте мыйзамсыз иштеген үч реабилитациялык борбор аныкталып, биринде адамдар каза тапкан. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Комитет "Хидальго", "Решение" жана "Бишкек-Маяк" аттуу үч борбордун иши токтотулганын белгиледи.
"Аталган жайдын директорлору жана айрым кызматкерлери дарылоодо бейтаптарга адаттан тыш ыкмаларды күч менен колдонушкан. Алар электрошокер пайдаланып, дарыланып жаткандарды байлап, түрдүү жолдор менен кыйнашкан", – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, "Бишкек-Маяк" реабилитациялык борборунда дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен эки өлүм аныкталганы белгилүү болду.
Соттун чечими менен аталган борборлордун директорлорунун жана кызматкерлеринин ичинен жети адам кармалып, камакка алынган.