Эпштейн иши: 300дөн ашуун саясатчы жана белгилүү адамдардын тизмеси жарыяланды

Sputnik
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Эпштейндин чуулуу ишине байланыштуу материалдарда кездешкен 300дөн ашуун саясатчы жана белгилүү адамдардын тизмесин АКШнын башкы прокурору Пэм Бонди жарыялады. Бул туурасында New York Post жазды.
Документтен жубайлар Барак жана Мишель Обамалар, Билл жана Хиллари Клинтондор, андан сырткары, Дональд Трамп, Билл Гейтс, Марк Цукерберг, Илон Маск, Камала Харрис, Нэнси Пелоси, Принц Гарри, Папа Иоанн Павел II, Роберт Де Ниро, Вуди Аллен, Ким Кардашьян, Брюс Спрингстин, Боно, Жей-Зи, Бейонсе жана башка дүйнөгө белгилүү адамдардын атын окууга болот.
Белгиленгендей, бул файлдарда ысымдардын аталышы кандайдыр бир мыйзамсыз аракеттерди билдирбейт, айрым учурларда Жеффри Эпштейн менен байланышта болгонун да тастыктабайт.
Ошол эле учурда Улуу Британияда Эпштейнге байланышкан жаңжалдын жаңы толкунуна байланыштуу Кир Стармердин отставкасын талап кылышууда.
Эпштейндин иши
2008-жылы бул киши жашы жете электерди сойкулукка тартуу жана зордуктоо боюнча кылмыштуу ишке аралашкан, тагыраагы, жоопко тартылган. Миллиардер күнөөсүн мойнуна алып, тергөө менен келишим түзүп, түрмөдө болжол менен 13 ай жаза өтөгөн. 2019-жылы балдарды сексуалдык эксплуатациялоо үчүн сатуу жана мындай ишке адамдарды тартып кылмыш жасаган деген айып менен кайра темир тордун ичине киргизилген. Тергөөдө айтылгандай, 2002-2005-жылдары ал Нью-Йорк жана Флоридадагы резиденцияларда ондогон кыздар менен төшөк байланышында болгон. Анын мындай кылмышынан жабыркагандардын айрымдары 14 жашка да толо электиги айтылат.
Ошол эле жылы августта Эпштейн абакта өзүнүн жанын кыйганы айтылат. Анын шериги Гислейн Максвелл 20 жылга эркинен ажыратылган.
Былтыр коомчулук бул ишке дыкаттык менен көз салып, өзгөчө карай баштады. Ага финансисттин электрондук кат алышуусунун болжол менен 20 миң барагы, ошондой эле эл оозундагы белгилүү адамдардын сүрөттөрүнүн ачыкка чыгышы себеп болду.
Алардын арасында АКШнын президенти Дональд Трамп, Ак үйдүн мурдагы башчысы Билл Клинтон, Улуу Британиянын АКШдагы мурдагы элчиси Питер Мандельсон, режиссёр Вуди Аллен, ырчы Майкл Жексон, ишкер Ричард Брэнсон, Улуу Британиянын падышасы Карл IIIнүн бир тууганы Эндрю жана башкалар бар экени айтылды.
Текебаевдин аты Эпштейндин файлдарында аталганбы? Саясатчы түшүндүрмө берди