БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Синоптиктер 16-22-февраль аралыгындагы аба ырайынын божомолун таратты.
Чүй, Талас
16-17-февралда айрым жерлерге жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар түшүшү күтүлөт. Андан кийин күн ачылып, бирок 21-февралдан тарта кайра жаан-чачын болот.
Ош, Жалал-Абад жана Баткен
Республиканын түштүк аймактарында аптанын башында күн ачык болот. Синоптиктер 17-февралда айрым жерлерге туман түшөрүн эскертет. 21-февралда дыйканчылык жерлерге жамгыр, тоолуу аймактарга кар жаашы күтүлөт. 18-20-февраль күндөрү катуу шамал болору божомолдонду.
Ысык-Көл, Нарын
16-17-февралда айрым жерлерге жамгыр, тоолуу аймактарга кар жаашы мүмкүн. Калган мезгилдери күн ачык болуп, 21-февралдан тарта күн кайрадан бүркөлөт.