БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Кыргызстанда балдар арасында ашыкча салмактан жабыркагандар көп. Бул тууралуу машыктыруучу, Кыргызстандын гимнастика федерациясынын башкы катчысы Ольга Мухамедвалеева "Дүйнөнү өзгөрткөн аял" аттуу сынакка арналган брифингде билдирди.
Анын айтымында, ата-энелер гимнастика секциясына толук кыздарды көп алып келишет.
"Бул көйгөй үй-бүлөдө калыптанат. Ата-энелер муну чоң энелердин мээрими, небереси жакшы тамактансын деген каалоосу менен түшүндүрүшөт. Натыйжада зат алмашуунун бузулушун жана организмге бала курактан эле көңүл бурулбаганын көрүп жатабыз", — деди Мухамедвалеева.
Ал ашыкча салмак менен жабыркаган балдарга диетолог менен психологдун катышуусунда комплекстүү дарылоо керек экенин белгиледи.
"Балдарды теңтуштары шылдыңдай баштайт. Бул да психологиялык жаракат. Мунун себептеринин бири – туура эмес тамактануу. Ата-энесинин жумуштан колу бошобой, балдар кечке толук кандуу тамак ичпей, булочка, сосиска сыяктуу нерселер менен эле жүрүшү мүмкүн. Бул – үй-бүлөлүк адаттарга байланышкан маселе", — деп түшүндүрдү ал.