№13 округдагы болбой калган шайлоо: талапкерлердин чыгымы кайтарылабы?

Sputnik
БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. БШК №13 округдагы болбой калган шайлоого катталган талапкерлердин 300 миң сом төгүмүн кайтаруу маселесин караштырууда.
Борбордук шайлоо комиссиясы 1-мартка дайындалган №13 көп мандаттуу округ боюнча кайра шайлоо өткөрүү тууралуу мурдагы чечимин жокко чыгарды. Акыркы маалыматтарга ылайык, шайлоо жарышына 22 талапкер катышып, 9-февралда үгүт иштери башталган.
БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматов шайлоо болбой калганда чыгымды кайтаруу жол-жобосу мыйзамда каралбаганын, бирок мекеме 300 миң сомдон төгүмдү кайтарып берүү каралып жатканын белгиледи. Деген менен акыркы чечим кабыл алына электигин кошумчалады.
БШКнын дагы бир мүчөсү Кайрат Маматов дагы 300 миң сомду кайтаруу маселеси каралып жатканын белгиледи.
Ал эми бул округдан аттанып жаткан талапкер мурдагы депутат Шарапаткан Мажитова ден соолугуна байланыштуу талапкерлигин алганын, БШК туура чечим кабыл алганын билдирди.
Дагы бир талапкер Акылбек Арстанбеков чечимди укканда региондордо үгүт жүргүзүп жүргөнүн белгилеп, дүйшөмбү БШКдан түшүндүрмө алуу үчүн кайрыларын билдирди. Анткен менен ал деле БШКнын чечими негизинен туура экенин, бир талапкер үчүн шайлоону жокко чыгаруу чечими туура эместигин кошумчалады.
13-округ. Талант Мамытов, Айбек Алтынбеков жана Айгүл Карабекова мандат алмакчы