Фицо: байманалуу компаниялардын кетип жатышы Европаны санаага батырууда

Sputnik
БИШКЕК, 13-фев. — Sputnik. Евробиримдиктин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү төмөндөп, алдыңкы компаниялар региондон кетип жатат. Мындан улам Европа санаага батып жатканын Словакиянын премьер-министри Роберт Фицо билдиргенин РИА Новости жазды.
Өкмөт башчысы Брюсселде өткөн бейрасмий саммиттен кийин журналисттердин суроолоруна жооп берген.
"Европа чоң стресске кабылды. Быйыл же кийинки жылдын башы менен кандайдыр бир чара көрбөсөк улам бир компания кете берерин баарыбыз түшүнүп турабыз. Көп өлкөнүн аймагынан олуттуу фирмалар кетип жатат, химия өнөр жайында, башка тармактарда чоң жоготууга учурап жатабыз. Европа ири көйгөйгө тушукту", — деген Фицо.
Ал Еврокомиссия мартта өтө турган саммитте атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү арттыруу боюнча сунуш бериши керектигин белгиледи.
"Бизди азыр биринчи кезекте электр кубатынын баасы аябай тынсыздандырууда", — деди премьер.
Фицо буга чейин эгер Евробиримдик электр энергиясы баш болгон маселелерин чечпесе, колунда бар кытайлар келип көрүп кете турган музейге айланарын айткан.
Орбандын кеңешчиси: Европа Украинадагы жаңжалды неберелеринин эсебинен каржылоодо