БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Камчыбек Ташиев кызматтан кеткенден кийин УКМКнын ишин каралагандар болууда. Бул тууралуу атайын кызмат элге кайрылуу жасалды.
"Маалымат мейкиндигинде УКМК төрагасынын кызматтан кетүүсүнө байланыштуу мекеменин ишмердүүлүгүн каралоого багытталган аракеттер байкалууда. Тараган билдирүүлөр жана түшүндүрмөлөр бир тараптуу мүнөздө болуп, жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин солгундатууга багытталган. УКМК кызматкерлери өлкөнүн башкы кол башчысына баш иет", – деп жазылат билдирүүдө.
Комитет жогорку кызматтагы айрым адамдарды, ЖМКларды жана коомчулуктун айрым өкүлдөрүн УКМКны катуу сынга алуудан алыс болууга чакырып, мекеме өзүнүн милдетин так аткарып жатканын билдирди.
"Ар кандай суроолор жана кооптонуулар мыйзам чегинде, фактыларга жана текшерилген маалыматтарга таянып гана чечилиши керек деп эсептейбиз. Мамлекеттик органдардын кадыр-баркына далилсиз доо кетирүү аракеттери конкреттүү бир мекемеге гана эмес, коомдогу жалпы ишеним деңгээлине да зыян келтирет", – деп жазылат.
Белгилей кетсек, Ташиев президенттин жарлыгы менен 10-февралда кызматынан алынган. Ушу тапта генерал Германияда дарыланууда экени айтылды.