Милиция: 19 жаштагы бишкектик кыз жигиттен 5 млн. сом өндүргүсү келген. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Борбор калаанын тургуну тартип сакчыларга кайрылып, андан беш миллион сом талап кылып опузалаган тааныш кызына мыйзамдуу чара көрүп берүүнү суранган. Бул туурасында шаардык милициядан кабарлашты.
Анда январь айынан бери бул селки миллиондорду өндүрүш үчүн эркинен ажыраттыруу менен коркутуп жүргөндүгүн билдирген.
Милициянын маалыматына ылайык, шектүү селкинин фактысы боюнча Октябрь РИИБдин тергөө кызматы Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин ("Опузалап талап кылуу") негизинде иш козгогон.
"Ыкчам иштерден кийин 19 жаштагы К.А. аттуу кыз 300 миң сом өлчөмүндө акчаны мыйзамсыз алып жаткан учурунда кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", – деп маалыматта айтылат.
Балыкчыда 15 жаштагы кызга ыдык көрсөтүүгө шектелген жигит кармалды