БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын саламаттык сактоо министрлери Каныбек Досмамбетов менен Михаил Мурашко Москвада эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, адистерди даярдоону талкуулашты.
Ведомствонун маалыматына ылайык, сүйлөшүүлөрдө кадрдык өнүгүү жана кесиптик байланыштарды бекемдөө, Кыргызстандын жаш медицина адистеринин Россиянын билим берүү жана клиникалык уюмдарында ординатурада окуу маселелери талкууланды.
"Жолугушууда кыргыз жарандарына Россиянын медициналык уюмдарында дарылануу үчүн квоталарды бөлүү тажрыйбасын улантуу маселеси, анын ичинде жогорку технологиялык медициналык жардам көрсөтүү багыттары талкууланды", — деп айтылат маалыматта.
Досмамбетов жогорку технологиялык медицина тармагында Кыргызстан өзүнүн циклотрондук-радиофармацевтикалык өндүрүшү бар өзөктүк медицина борборун түзүү менен биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында "Росатом" ААКнын катышуусу менен долбоордун айрым компоненттери ишке ашырылып жатканы, өзөктүк медицина борборун түзүү демилгеси өлкөнүн мамлекеттик өнүгүү планына киргизилгени белгиленди.
Бул багытта 2026-жылы нормативдик базаны этап-этабы менен даярдоо, келишимдерди түзүү жана долбоорлоону баштоо, ал эми 2030-жылга чейин бардык иштерди аяктоо максаты коюлган.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар диалогду улантууга жана Кыргызстан менен Россиянын жарандары үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгү менен сапатын жогорулатууга багытталган практикалык чечимдердин негизинде кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экенин тастыкташты.