БИШКЕК, 10-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Профсоюз көчөсүнүн уландысын куруу маселеси боюнча шаар тургундары менен жолугушуп, анда көрүстөндү айланып өтүү боюнча чечим кабыл алынды.
Мэриянын маалыматына ылайык, 2022–2024-жылдары көрүстөнгө 50дөн ашуун жарандын сөөгү коюлган. Чечим кабыл алууда санитардык коопсуздук жана шаар тургундарынын кызыкчылыктары эске алынган.
"Санитардык нормаларга ылайык, көрүстөндү азыркы учурда казуу жана кайра көмүү иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Анткени бул жугуштуу оорулардын очогунун пайда болушуна жана калктын саламаттыгына коркунуч жаратышы мүмкүн", – деп жазылат маалыматта.
Эскерте кетсек, буга чейин Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы Профсоюз көчөсүнүн улантылышына байланыштуу көрүстөндү көчүрүү маселеси боюнча тургундар менен жолуккан. Бул иш-чаралар Бишкек — Кара-Балта жолундагы тыгынды азайтууга багытталган.