Автомектепте жакшы окугандар 4 айдан кийин айдоочулук күбөлүк алышы мүмкүн

Sputnik
БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Айдоочулук күбөлүккө окутуу мөөнөтүн 10 айдан төрт айга чейин кыскартуу варианты каралып жатат. Мындай тапшырманы президент Садыр Жапаров бергенин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, курсанттарга төрт айдан кийин тесттен өтүү мүмкүнчүлүгү берилет. Андан өткөндөр айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынакка жөнөтүлөт. Төрт айда окууну ийгиликтүү аяктагандарга айдоочулук күбөлүк бир жылдык мөөнөткө берилет. Бир жылда жол эрежесин бузбаса толук кандуу күбөлүк алышат.
Мамлекеттик автомектептерге онлайн кабыл алуу 10-февралдан тарта башталат. Билдирме avtomektep.srs.kg сайтына жазылышы керек. Бул үчүн жеке маалыматтарды толтуруп, окуй турган аймакты тандап, айдоочулук күбөлүктүн категориясын көрсөтүү шарт. Билдирме каралгандан кийин окуй турган жаран каттоого алынат.
"Күн сайын жаңы мамлекеттик автомектептер кошулуп жатат. Бир мектепте бир эле маалда курсанттардын бир нече тобун окута алат. Реформанын алкагында айдоочуларды даярдап, окуунун сапатын жогорулатууга, айдоочулук маданиятты калыптандырууга басым жасаган жаңыланган программалар киргизилип жатат", — дешти иш башкармалыктан.
Программанын алкагында жол эрежелери жана транспорт каражаттарын техникалык тейлөөнүн негиздери тереңдетилип үйрөтүлөрү айтылды.
Садыр Жапаров: айдоочулукка үйрөткөн 10 айлык окуу мөөнөттү көп дебегиле