Ош мэри экс-депутат менчиктеп, кароосуз калтырган бала бакчаны кайтартмай болду

Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Масалиев көчөсүндөгү каралбай калган бала бакчага барып, аны мамлекетке кайтаруу боюнча иш жүргүзүүнү тапшырды.
Муниципалитеттин маалыматы боюнча, бала бакча 1995-жылы Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан сатылып кеткен. Ал эми 2006-жылы мэрия имаратты мыйзам бузуу менен Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Давран Сабировго менчикке өткөрүп берген.
Шаар мэри кароосуз калган аймакты көрүп кейип, мамлекетке кайтаруу жана ордуна жаңы бала бакча куруу боюнча тапшырмаларды берди.
"Мына карачы, же өзүнө жок, же элге жок, же балдарга жок, же мамлекетке жок. Эмне кылат эми ушуну? Мунун баары бала бакчанын аймагы болчу", — деген Токторбаев.
Жаңы шаар салат элек... Мэрия Сулайман-Тоонун буфердик зонасын кыскартат