Айыккыс делген Нипах вирусу Индиядан сырт жайылууда

Sputnik
БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Бангладеште Нипах вирусун жуктуруп алган аял көз жумганын The Independent Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна таянып жазды.
Материалда ушу тапта Түштүк Азия мамлекеттери аталган вирустан улам көзөмөлдү күчөтүп жатканы айтылат.
Гезиттин маалыматы боюнча, аял 21-январдан тарта ооруй баштап, бир жумадан кийин каза болуп калган. Дагы бир күндөн кийин маркум Нипах вирусун жуктуруп алганы аныкталган. Кабарда анын эч жакка чыкпаганы, бирок курма пальмасынын чийки ширесин ичип жүргөнү айтылат.
Вирус катталганы тууралуу январдын орто ченинде белгилүү болгон. Индиянын Батыш Бенгалия штатынын бийлиги илдет медицина кызматкерлеринин арасынан чыкканын кабарлаган болчу. Чектеш мамлекеттер санитардык эпидемиялык көзөмөлдү күчөткөнүн жазышкан. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Нипахты өтө кооптуу вирустардын катарына кошууда, азырынча эч кандай дары, вакцинасы жок. Нипах мээни, өпкөнү, жүрөктү, бөйрөктү, көк боорду жабыркатышы мүмкүн. Алгачкы белгилери: эт ысыйт, баш, булчуң эт, тамак ооруйт, кустурат. Кийинки этапта баш айлануу, уйкусуроо жана курч энцефалиттин неврологиялык белгилери пайда болот. Айрым учурларда өпкө башкача кагынып, дем алуу кыйындайт.
Буга чейин Кыргызстан Нипах вирусунан улам чек арадагы санитардык-карантиндик көзөмөлдү күчөткөн. Мындан тышкары, Индиядан жаныбарларды киргизүүгө тыюу салынган.
Пресс-борбор
Онищенко: Нипах вирусу кооптуу, бирок массалык түрдө жайылбайт
Инжект: https://sputnik.kg/20260128/nipakh-virus-zhayyluu-korkunuch-.html
Теги: