Ысык-Көлдүн Жаркынбаев (мурунку Таштак) айылында төрөлгөн Жамила Маматова өткөн жылдын май айында 68 жашында көз жумган. Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында музыка изилдөөчү Жамила Маматованын бир тууган сиңдиси Салима Маматова жана Кыргыз радиосунун шеф-редактору Рита Тилемишова болду. Биз Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, музыка изилдөөчүсү Жамила Маматованы эскердик.
— Көпчүлүк Жамила эженин кесипкөйлүгү менен катар адамгерчилигин эскеришет. Маекти ушундай жакшы инсандын бала кезинен баштасак...
Музыка изилдөөчү Жамила Маматованын бир тууган сиңдиси Салима Маматова
© Фото / Нурайым Рысмамбетова
Салима Маматова: — Биз мугалимдин бүлөсүндө чоңойдук. Ата-энебиздин экөө тең педагог болгон. Атам пенсияга чыкканга чейин Казак Жаркынбаев атындагы мектепте директор болуп иштеди. Жамила эжем 11 бир туугандын алтынчысы. Ага Жамила деген ысымдын ыйгарылышынын да тарыхы бар. Үркүндө чоң энебиз да эки баласын, тууган-уругунун баарын алып качып, уйгур байдын үйүн пааналашыптыр. Акчасын, алтынын ала кеткен экен, ошонун эсебинен курсагы ток күн кечиришкен. Үч жылдан ашык жашап, мекенинде "жакшы заман башталыптыр" дегенди угуп, кайра келе жатып Кыргызстандын чек арасына эми кирейин дегенде уйгурлар атамдын эжесин алып качып кетишет. "Үкү топу, ак көйнөк, чыптама кийип, мончокторду тагынып, эжемдин арабада отурганы азыркыга чейин көз алдымда турат" деп атам айтчу. Ошол эжебизди кыйкыртып ыйлаткан бойдон арабадан уурдай качышат. Ошентип атам бир тууганынан, чоң энем кызынан тирүүлөй ажырап калган. Жамила эжем 27-октябрда төрөлгөндө ошол Кытайда калган эжебизди унутпай эстеп жүрөлү деген ой менен атын Жамила коюшат. Апам ушул убакка чейин эжемди Жамила деп айткан эмес. Жеңелерим да тергешет. Атам кызынын өңү-түсү, баскан-турганы, мүнөзү да эжесине окшошуп калганына абдан таң калчу. Чынында эжем башкаларыбыздан айырмаланып узун бойлуу, арыкчырай эле. Адамга, өз ишине болгон мамилеси да башкача болчу. "Атамдын эжеси деле ушундай болгон турбайбы" деп ойлоп калчубуз. Мектепте абдан жакшы окуду. Бала кезинен эле фамилиясы жакшы окугандардын тактасында илинип турчу. Китепке аябай кызыкчу эле. Мектептин китепканасындагы китептердин баарын окуп бүтүп, колхоздун китепканасына барчу. Анан баарыбызды отургузуп алып окуган китептерин айтып берчү. "Мен кийин чоңойгондо ушундай эл билбеген нерселерди айтып турам, анан силерге окшоп отуруп алып угушат" дечү. Элден башкача кыялданчу. Айтканы келди. 8-классты бүтүп, Муратаалы Күрөңкөев атындагы окуу жайга тапшырып музыка таануучу болду. Музыканын теориясы боюнча билим алды. Андан кийин Искусство институтунда мыкты окуп, Алматыда өткөн музыка изилдөө боюнча жаштар арасындагы симпозиумдарга, конференцияларга катышып жүргөн. Күнү-түнү китеп окучу.
— Рита айым, сиз дагы социалдык тармакта устатыңыз Жамила Маматованы жылуу эскерип, ал кишинин сиздин толук кандуу адис болуп чыгышыңызга кошкон салымы тууралуу жазган экенсиз?
Рита Тилемишова: — Мен Жамила Маматованы "менин даанышманым" деп коём. Жамила Казакбековна Улуттук телерадиого 1987-жылы келип, бардык баскычтан өткөн. Музыкалык телекөрсөтүүлөрдүн редакторлугунан тышкары, көп программаларда иштеди. Радио жаатында редактор катары режиссёрлук, үн режиссёрлук көз караштар, идеялар, табылгалар менен кошо жуурулушуң керек. Ушунун бардыгын өзүнөн өткөргөн. Ошентип Кыргыз радиосунун "Ибарат" чыгармачылык-өндүрүштүк бирикмесинин музыкалык редакциясына музыкалык редактор катары билимин, эмгегин баалап, ишеним артып чакырышкан экен. Мен ал кишинин колуна 1997-жылы жайында келдим. Кээде кирсең пианино ойноп отурган болот. Кээде кагаздарды алдына коюп алып бир нерсе жазып жаткан болот. Өзүнүн чакан машинкасы бар болчу. Келген окуучусун өзүндөй эле билет деп ойлочу. Ишенчү. Ошондуктан кээде түшүнбөй калганда сурагандан уялчубуз. Алгач барганда эле мага Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри жөнүндө жана Людвиг ван Бетховендин "Элизага" деген чыгармасын тапшырды. Оркестр тууралуу кабарым болгону менен терең маалыматым жок эле. Ал эми "Элизага" деген чыгармадан үзүндү ойноп берип, "уктуң беле ушундай музыканы" деди. "Ооба" десем, "анда барып даярдап кел" деди. Эшикке чыгып кимден сураарымды, кайда барарымды билбей кайра кирсем, кантип даярдаш керектигин түшүндүрүп берип, китепканаларга жиберди. Бирок баарын чайнап берчү эмес, адам өзү изденгенге жол ачып койчу. Биз деле азыр жаштарды үйрөтүп жатабыз. Бирок кайсы темада, кимге барып, кандай иштеш керектигин айтып, жолго салып беребиз. Даярдап берген ашты жеп коюу оңой, аны даярдоого жол көрсөтүп койсо кыйынчылыкты басып өтүү менен баарын үйрөнүп аласың да. Ушул жагынан мыкты устат эле. Музыка изилдөөдө уникалдуу болчу. Негизи музыка таануучулардын бири элдик музыканы, күүлөрдү, бири симфониялык чыгармаларды, бири камералык аспаптык чыгармаларды изилдеп иштешет. Жамила эжеде бардык багыт бар болчу. Бул кишиден үйрөнөрүбүз дагы алдыда эле...
Жаш кезде изденбей жалкоолонуп, жөн эле басып жүрсөк "сен мени алдадым деп ойлобо, сен өзүңдү алдап жатасың" деп урушчу. Убагында жаш экенбиз, кандайча өзүмдү алдайм деп койчубуз. Бирок кийин мунун өтө терең сөз экенин түшүндүк. Антсе да көңүлүбүздү калтырган жок, шилиге чапкан сөз айтып, кагып-силккен эмес. Нурдуу, ошол эле учурда сүрдүү болчу.
— Бир караганда жалбырактай дирилдеген назик жана салабаттуу айымды көрөсүң. Жан дүйнөсү, мүнөзүчү?
С.Б.: — Жайыл дасторкон эле. Беш литрлик самоору бар болчу, улам кайнатып турчу. Эжекемдин көзү өтүп кеткенден кийин кичинекей балдарыбыз "бизге сонун кылып чай берчү, ээ" деп жатышпайбы. Айылдагы кичинекей балдар да "Жамила эжем качан келет" деп күтчү. Баарын эркелетип, "дептер же карандаш сатып алчы" деп 100 сомдон таратып берчү. Улуулардын кабак-кашы менен тең айланып, ачуулана баштаган адамды жакшы бир сӨз менен муютуп, көңүлүн көтөрүп койчу.
Өзүнүн иши толуп турса да Опера жана балет театрына келип, сонун уктурууларды даярдап кетчү. Театрдагы 80-90-жылдары иштеген корифейлерди даңазалап, менмендеген дирижерлордун, солисттердин ишин кыргызча айтып берчү. Ошол эле Молдобасановдун, Давлесовдун, Жумакматовдун, Георгиевдин баарынын эмгектерин жазып, айтып, азыр алтын фонддо сакталып турат. Театрда да орду билинип калды. Талгар Жакшылыков, Элвира Асанкулова Италиядан окуп келип, күчкө толуп турганда Асанкан Жумакматов менен чоң концерт тартуулашкан. Ошондо музыка таануучу катары экөөнүн жанында тургандай сонун кылып айтып, берүү даярдаган. Шакирттерин да даярдап кетти.
— УТРКда иштегенде да "Сыбызгы", "Элдик күүлөр", "Музыкалык жолугушуу", "Симфония дүйнөсүндө" деген берүүлөрдү алып барды...
Кыргыз радиосунун шеф-редактору Рита Тилемишова
© Фото / Нурайым Рысмамбетова
Р.Т.: — "Сыбызгы" өзүнүн автордук программасы болчу. Аны ошол убакта уккандар жакшы билет. Сыбызгы десе радиопрограмма эстерине түшөт. Ага музыканын ар тармагында иштеген жаш таланттарды чыгарып турчу да. Биринчи ошол программага чыгып, чыгармачылык жолун андан ары да жакшы улантып кеткендер бар. "Жамила эже ушул берүү аркылуу тушоомду кескен" деп айтышат. Ошондой эле Кыргыз радиосуна башкы редактор болуп келгенде "Музыкалык жолугушуу", "Музыкалык мозаика", "Музыкалык тааным" аттуу бир катар программаларды алып чыкты. Ар биринин багыты ар башка. "Радиофестиваль" деген берүү ачып, алгач өзү алып барды. Мында кыргыздын унутта калып бара жаткан музыкалык өнөрүн, чеберчилигин алып чыкты. Көсөмдүгү да бар болчу. Мисалы, баланча комузчу жөн гана комузда кол ойнотуп жүрсө, "бул залкар күүлөрдү ойной алат, ага дили жетет, тили да өтөт. Колунун машы да келет" деп билчү. Аны чакырып, "кийинки берүүгө бул күүнү даярдап кел" дечү. Айткандай эле "мен ойной алат экенмин" деп даярданып келишчү. Залкар музыканттар Жамила эжем менен кадимкидей эсептешчү, кеңешишчү. Насыр Давлесов, Асанкан Жумакматов экөө көп иштешип калышты. Жамила Казакбековнанын калеми республикалык деңгээлдеги мааракелерде көрүнө баштаган. Программа түзүп, ар бир мамлекеттик деңгээлдеги маданий иш-чаранын форматына жараша хордон, балеттен, симфониядан, эстрададан кандай музыканы, чыгарманы алып чыкса болорун билчү. Ар бир салтанаттын картинасын көрө алчу. Аткаруучулар менен изденип иштеше алган. Өзүнүн окуучусу Камчыбек Дүйшалиев тууралуу "Мурас жолунда" деген китеп, кыргыздын булбулу Эсен Нурмамбетова тууралуу да эмгек жазды. "Кыргыз композиторлору" деп биринчи автордук уктурууну киргизди да, баарын талдады. Ушул уктуруулар фонддо сакталуу. Китебин да чыгарып койгон.
С.М.: — Жамила эжем театрда "Парад баритонов" деген сонун долбоорду ачкан. Башка мамлекеттердин эсине келе электе биринчи жолу Кыргызстанда баритондор парадын ачып, ага коңшу өлкөлөрдөн менмендеген таланттар келген. Ошондо Кыргызстан биринчи орунду алып, биздин баритондордун деңгээли Алматы менен салыштырганда алда канча мыктылыгын көрсөткөн.
— Программабыздын аты "Туяк" болгондон кийин балдары тууралуу да айтсаңыз...
С.М.: — Акыл деген уулу, Жаркынай аттуу кызы бар. Апасынын мүнөзү, боорукерлиги баласында бар. Жамила эжем мектепте окуп жүргөндө эле англис тилин абдан жакшы көрүп, өз алдынча окуй баштаган. Кийин шаарга келгенде орус кыздар менен тең сүйлөшүп калган экен да. Балдарын да кичинесинен окутуп, үйрөткөн. Баласы өзү спортчу, машыктыруучу, англис, немец тилдеринде так сүйлөйт. Үч небереси бар. Жаркын да музыка чөйрөсүндө иштеп, камералык хордо ырдайт.