БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Садыр Жапаров Пакистандын президенти Асиф Али Зардари менен премьер-министри Шахбаз Шарифге Исламабаддагы мечитте болгон терактыга байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчы Кыргызстан терроризмди жана анын жалпы тынчтыкка жана туруктуулукка коркунуч туудурган бардык түрлөрүн кескин түрдө айыптап, бул коркунучтарга каршы эл аралык кызматташууну туруктуу улантарын белгилеген.
Теракт кечээ шиит мусулмандарынын мечитинде жума намазы окулуп жаткан маалда болгон. Алдын ала маалымат боюнча, жан кечтинин жардыруусунан 31 адам каза болуп, 169у жаракат алган. Жоопкерчиликти "Ислам мамлекети"* террордук тобу алганы айтылды.
* Россия, Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм