БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Жекшембиде күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым жерлерде туман түшөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө +6...+11, Талас аймагында +5...+10, Ош, Жалал-Абад облустарында +8...+13, Баткенде +7...+12 градуска чейин көтөрүлсө, Ысык-Көл өрөөнүндө -1...+4 градуска чейин көтөрүлүп, Нарын жергесинде -4...-9 градус суук болот.
Күндүн табы Бишкекте +7...+9, Ош шаарында +9...+11 градуска чейин жетет.