БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. "Кыргызстан аэропорттору" мамлекет быйыл сатып ала турган Airbus A321 учагынын жаңы фирмалык дизайнын жарыялады.
Жаңыланган жасалгада улуттук өзгөчөлүк жана компаниянын эл аралык багыттарды өнүктүрүү стратегиясы чагылдырылат. Дизайнда асман, алдыга умтулуу жана Кыргызстандын дүйнө менен байланыштарын символдоштуруучу элементтер колдонулган.
"Кыргызстан аэропорттору" башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов Airbus A321 учактарын жаңы дизайн менен ишке киргизүү өлкөнүн жарандык авиациясынын тарыхында маанилүү этап болорун белгиледи.
"Биз сапаттуу жаңы деңгээлге чыгуудабыз. Airbus A321 — бул узак аралыкка каттоо, ыңгайлуулук жана ишенимдүүлүк. Ал эми учактарыбыздын жаңы көрүнүшү — өлкөнүн эл аралык аба майдандагы жүзү. Биз Asman Airlines асмандан дароо таанылса дейбиз", — деди Самидинов.
Учактарды сатып алуу жана эл аралык каттамдарды ачуу жүргүнчүлөр, туризм жана бизнес-байланыштар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.