Москвадагыдай... Депутаттар Бишкектеги батирлердин баасына нааразы болду

Sputnik
БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Бишкектеги батирлердин баасы Стамбул менен Мадриддегиден өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев парламентте билдирди.
Ал карапайым калкка кыймылсыз мүлк рыногундагы бааларды көзгө көрүнбөгөн кол башкарарын, дүйнөлүк тенденция дагы таасир этерин түшүнүү кыйын экенин белгиледи.
"Буга объективдүү жана субъективдүү себептер бар. Бирок чындыгында жашоо кыйын болуп калды", — деди Алиев.
Эл өкүлү белгилегендей, мурда Россияга иштегени барып, жарым жылда батирге жетүү мүмкүн болчу.
"Азыркы учурда мигранттар өмүрүн ошол жерде иштеп өткөрсө да батир ала албайт. Мамлекеттик кызматкерлерди айтпай эле коёлу. Кыргызстанда батирдин баасы 100 миң доллардан жогору турат. Ооба, биз рыноктук бааларга таасир эте албайбыз, бирок эмнеге Мамлекеттик антимонополия кызматы батирлердин ижара акысын көзөмөлдөбөйт? Же бул алсыз органбы?" — деп нааразы болду Алиев.
Депутат Сүйүнбек Өмүрзаков да Бишкектеги батирлердин ижара акысы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу өтө жогору экенин билдирди.
Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Мамлекеттик ипотекалык компанияда ислам принциптерине ылайык үйлөрдү куруу программасы бар экенин эскертти.
"Бул батирлер сатып алуу мүмкүнчүлүгү менен ижарага берилет. Ислам фонду менен 200 миллион долларлык каржылоо келишимибиз бар. Алар гранттык компонентти кошкондо сумманы 400 миллион долларга чейин көтөрүүгө даяр", – деди ал Жогорку Кеңеште.
Бишкекте батирлердин баасы декабрь айында канчага кымбаттаганы айтылды