БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. Улуу Британиянын падышасы Карл IIIнүн иниси Эндрю Маунтбеттен-Виндзордун жыныстык эксплуатация үчүн адам сатууга айыпталган финансист Жеффри Эпштейн менен байланышынын жаңы жагдайлары маалым болуп, андан улам шаар четиндеги резиденциясын таштап чыгып кетти.
Бул тууралуу жазган The Sun дагы жаңы жагдайлар ачыкка чыкканын билдирди.
The Telegraph гезити мурдараак АКШнын Юстиция министрлиги жарыялаган документтерге таянып, Маунтбеттен-Виндзор өзүнүн таасирдүү байланыштарын колдонгонун жазган. Эпштейндин жеке учагына падышалык Аба күчтөрүнүн базаларына конууга уруксат бердирткен дешкен.
"Дүйшөмбү күнү кечинде Эндрю "Роял Лож" резиденциясынан кетти... Йорк герцогу (мурдагы) белгиленген күндөн мурда куулду. Буга агасынын, Карл падышанын улам ачыкка чыгып жаткан жаңы жагдайларга, нес кылган маалыматтарга олуттуу түйшөлө баштаганы себеп болгон", — деп маалыматта айтылган.
Гезиттин маалыматына караганда, Эндрюну көз байланган маалда Норфолк аймагындагы Сандрингемдеги жайгашкан өзүнүн үйүнө (Виндзор династиясынын усадьбасы) жеткиришти.
Падышанын иниси Эпштейн менен болгон байланыштарынан улам бир нече жылдан бери чуунун борборунда болуп келе жатат. 2025-жылдын башында Карл III бир тууганын болгон-бүткөн наамдарынан ажыраткан.
Өткөн аптанын жума күнү АКШнын башкы прокурорунун орун басары Тодд Бланш чуулгандуу финансычынын иши боюнча маалыматтарды ачыкка чыгаруу иши соңуна чыкканын билдирди. Жалпы жарыяланган материалдардын көлөмү 3,5 миллион файлдан ашты. Анын ичинде документтер, электрондук каттар, ошондой эле сүрөт жана видеоматериалдар бар.