БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Жүлгүн жайлоосунда кар көчкү алдында калган эркек кишинин сөөгү үч күндөн кийин табылганын ӨКМ билдирди.
Маалыматта маркум 37 жашта экени айтылат. 31-январда жергиликтүү тургундардан турган топ мергенчиликке чыккан. Ошол маалда кар көчкү жүрүп, бир кишини басып калган.
ӨКМ издөө иштерине 12 куткаруучу дрон менен чыкканын, ошондой эле ИИМ өкүлдөрү, жергиликтүү тургундар болуп жалпы 229 адам тартылганын билдирди.