12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөбү? Билим берүү академиясынын брифинги

Sputnik
БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. 12 жылдык окутуунун алкагында окуу программасын жөнөкөйлөтүү боюнча иштер жасалат. Бул тууралуу Кыргыз билим берүү академиясынын Технология, искусство жана ден соолук маданияты лабораториясынын илимий кызматкери, профессор, педагогика илимдеринин доктору Абакир Мамытов билдирди.
Ал Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан.
Мамытовдун айтымында, академияда мугалимдер менен жолугушуу уюштурулуп, жаңы окуу программасынын алкагында сунушталган календардык-тематикалык план талкууланган. Кызматкерлер методикалык түшүнүүнү жана коштоону талап кылган маселелер боюнча суроолорго жооп беришкени маалымдалды.

"Алдыда жасай турган иш көп. Буга чейин алты жаштагы балдар менен иштөө тажрыйбабыз жок эле, бул курактагы бөбөктөрдү бала бакчанын тарбиячылары карап келишкен. Азыр ажырым пайда болду. 1-класста мугалим жети жаштагы бала менен иштеп келген, алты жашар окуучунун өзгөчөлүктөрүн ал жакшы билбейт. Көйгөй бар, аны жоюу боюнча иштеш керек", — деди Мамытов.

12 жылдык билим берүү жана арзан ипотека. Президент Жапаровдун маеги