Кыз-келиндер жана спорт: машыгуу эркектердикинен айырмаланышы керекпи?

Sputnik
Кыз-келиндер үчүн спорт ден соолукту сактоонун маанилүү бөлүгү, бирок аны тандоодо аял организминин физиологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу зарыл. Аялдардын гормоналдык системасы эркектерге караганда сезимтал болгондуктан, ашыкча же туура эмес жүк этек кирдин бузулушуна жана жалпы алсыздыкка алып келиши мүмкүн. Жөө басуу, сүзүү, йога, пилатес жана аэробика сыяктуу спорт түрлөрү муундарга күч келтирбей, гормоналдык тең салмактуулукту сактоого жардам берет. Ал эми оор атлетика жана өтө интенсивдүү машыгуулар адистин көзөмөлүсүз жасалса, организм үчүн кооптуу болушу мүмкүн. Ошондуктан спорт аялдар үчүн денсоолукту чыңдоонун коопсуз жолу болушу керек. Бул туурасында “Көз мончок” программасынан тыңдаңыздар.