“Тирүүлөрдү да ойлойлу”. Бишкек мэри көрүстөндү көчүрүү тууралуу

Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы Профсоюз көчөсүнүн улантылышына байланыштуу көрүстөндү көчүрүү маселеси боюнча тургундар менен жолукту. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул иш-чаралар Бишкек — Кара-Балта жолундагы тыгынды азайтууга багытталган.
Айбек Жунушалиевдин айтымында, долбоор эки вариантта жазылган. Биринчисинде жол көрүстөндү кесип өтсө, экинчисинде аны айланып өтөт.
“Шаар өнүгүшү керек, бир жерде тура берген болбойт. Тирүүлөрдү дагы ойлойлу. Мисалы, калаанын өнүгүшү үчүн Ош менен Балыкчы шаарларында көрүстөндөрдү көчүрүшкөн. Шаар өнүгүп, элдин саны өсүүдө. Мөөнөт жана мыйзамдар (көрүстөндү которуу боюнча) бар, аларды сакташыбыз керек”, — деди калаа башчысы.
Мэр көрүстөндү көчүрүү маселеси жергиликтүү тургундардын талаптарын эске алуу менен чечилерин, кийинчерээк эл менен дагы бир жолугушуу болорун айтты. Ошол эле учурда Жунушалиев бул маселеде чагымчылыктарга жол берилбеши керектигин баса белгиледи.
Бишкектеги эки-үч аталыш берилген 18 көчөнү жалпылап атоо пландалууда. Тизме