БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. Франциянын Европарламенттеги депутаты Тьери Мариани Евробиримдиктин Кыргызстан боюнча саясатын сынга алды.
Ал өлкөнүн өзгөчөлүктөрүн жана геосаясий абалын эске алууга чакырды.
"Эмнеге бул өлкөгө мынча асылып калдык? Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Испанияда эмиграцияда жүргөнүнөн улам болуп жүрбөсүн? Ооба, республиканын Россия менен мамилеси бар. Эгер эки миллион кыргызды Россиядан чыгарып жиберсе, аларды Европада кабыл алууга даярбызбы? Бул жөн гана суроо... Албетте, дүйнө жүзүнө акыл айта берүүгө болот, бирок геосаясий абалды да эске алыш керек да", — деди Мариани.
Депутат президент Садыр Жапаров европалык лидерлер, анын ичинде Франция президенти да көз арта турган элдик колдоого ээ экенин белгилеген. Парламентарийдин айтымында, Жапаров мамлекеттин жана мамлекеттик институттардын бүтүндүгүнө коркунуч жараткан уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө.
Эске салсак, буга чейин Bloomberg агенттиги Евробиримдик Россияга санкцияларды кыйгап өтүүгө жардам берип жатат деген шылтоо менен Кыргызстанга каршы чектөөлөрдү киргизүүгө ниеттенип жатканын жазган.