3-февралга карата аба ырайы

3-февралга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-фев. — Sputnik. 3-февраль, шейшембиде, күндүз айрым жерлерде жаан, кар жаайт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында +6...+11, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +7...+12, Ысык-Көл өрөөнүндө +3...+8 градус жылуу болсо, Нарында -2...-7 градус суук болору айтылды.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында +9...+11 градуска чейин жетет.
Экология министри Бишкектеги ыштын негизги себептерин атады