БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Дүйшөмбүдө өлкөнүн айрым аймактарын ала булут каптап, жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Талас жеринде 6…11, Ысык-Көл чөлкөмүндө 3…8, Чүй облусунда 7…12, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 8…13 градус жылуу, Нарын өрөөнүндө -3…-8 градус суук болот.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте 10…12, Ош шаарында 8…10 градусту түзөт.