БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Евробиримдик Кыргызстанга санкция салууга камынууда. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги жазды.
Евробиримдик Кыргызстанды санкцияларды кыйгап өтүүгө Россияга жардам берип жатат деп эсептейт. Мындан улам Москвага карата даярдалып жаткан санкциялардын жаңы топтомуна Кыргызстан да кошулушу мүмкүн экени белгиленген.
"Санкцияларды айланып өтүүгө каршы күрөшүү механизми биринчи жолу колдонулушу мүмкүн. Анын алкагында Кыргызстанга станокторду жана айрым радиоэлектрондук жабдууларды экспорттоого тыюу салынат", — деп басылма жазган.
Буга чейин Садыр Жапаров БУУнун трибунасынан Евробиримдиктин өлкөлөрү менен Улуу Британиянын кош стандарты тууралуу айткан.
"Батыш, бизге Россия менен алака кылбагыла деген талап коёсуңар да, өзүңөр кеңири кызматташып жатасыңар", — деген анда президент.
Тышкы саясат боюнча ведомство Батыштын Россия менен байланышы бар деп кыргызстандык компанияларга санкция киргизгени туура эместигин расмий билдирген.
Жээнбек Кулубаев Батыш мамлекеттери бул жаатта жергиликтүү компаниялар санкциялык режимди эмне кылып бузганын далилдеген так фактыларды таап бере алышпаганын кошумчалаган.