БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Россия АКШнын Кубага каршы жасаган кастык аракеттерин айыптайт. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди.
"БУУ кабыл алган жоболор, уставдар жана башка эл аралык укуктарды сактабастан, эгемендүү өлкөгө карата бир тараптуу санкциялык чараларды колдонуу — таптакыр жол берилгис нерсе. Кубанын өкмөтү жана анын жарандарына карата мыйзамсыз, тыюу салынган кадамдардын жасалышын чечкиндүү түрдө айыптайбыз", — деп белгилеген дипломат.
Бейшембиде Ак үйдүн башчысы Дональд Трамп Кубага мунай жеткирген өлкөлөргө бажы төлөмдөрүн киргизүү жөнүндөгү жарлыкка кол коюп, Гаванадан улуттук коопсуздукка коркунуч туулуп жатат деген жүйө менен өзгөчө кырдаал жарыялады. Андан бир күн мурда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Американын аралдагы бийликтин алмашуусуна кызыкдарлыгын кыйыткан.
Захарова Вашингтондун кадамдарын Кубага карата басым көрсөтүү стратегиясынын кайталанышы жана аны экономикалык жактан кысуу аракети деп сыпаттаган. Анын айтымында, Москва менен Гавананын кызматташтыгы үчүнчү өлкөлөргө каршы багытталган эмес, алака мындан ары да өнүгө берет.
Дипломат АКШнын Кубага каршы жаңы документинде Россия "касташкан" жана "кара ниет" өлкө катары көрсөтүлгөнүнө да токтолгон.
"Мындай кептерди таңуулоо Россия-Америка диалогунун туруктуулугуна дагы, Вашингтондун дүйнөдөгү ар кайсы жаңжалдарды жөнгө салуудагы ортомчулугуна да жардам бербейт", — деп белгилеген ал.
РФ ТИМинин расмий өкүлү Кубадагы социалдык-экономикалык оор абал негизинен Штаттар тарабынан салынган дээрлик 70 жылга созулган экономикалык блокададан улам жаралганын кошумчалаган.