БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Ички иштер министрлиги такси кызматында иштегендерди лицензия алууну созбой өз убагында бүтүрүүгө чакырды.
Мекеменин маалыматына караганда, такси ишмердүүлүгүн лицензиялоо тармагын бир тартипке салуу, жолдогу кырсыктардын санын азайтуу жана техникалык кароодон өтпөгөн автоунаалардын жүргүнчү ташуусуна жол бербөө максатында жүргүзүлүүдө.
Буга чейин такси ишмердүүлүгүн лицензиялоо мөөнөтү 2026-жылдын 1-июлуна чейин узартылганы маалымдалган. Бирок мындай кадамдан кийин лицензия алуу үчүн кайрылган жарандардын саны кескин азайып кеткен. Мындан улам ИИМ убакыт жакын калганда карбаластап калбай азыртан алып коюуну суранды.
Белгилей кетсек, бул талап эртең, 1-февралдан тарта иштеп баштамак. Бирок көп кайрылуулардан кийин жайга чейин жылдырылган.