БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Санкт-Петербургдун соту кыргыздар менен казактарды кемсинткендиги үчүн Екатерина Биволду 60 саат коомдук жумушка милдеттендирди.
Мындай чечимди Ленин райондук соту кабыл алды. Лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгында айыпталуучунун айткандары улутуна, тилине жана тегине карата адамдар тобуна, тактап айтканда, кыргыздарга жана казактарга карата терс баа камтыганы аныкталган.
“Интернет мейкиндигине мониторинг жүргүзүү учурунда Telegram мессенжеринин каналдарынын биринде видео жайгаштырылганы аныкталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө ал Екатерина Бивол болуп чыккан. Лингвистикалык изилдөөнүн маалыматына ылайык, Биволдун билдирүүлөрүндө улуттук белгиси бир адамдар тобуна карата кемсинтүү, адепсиз сөздөр колдонулган. Ошондой эле видеодогу текстте бир улуттун башка улуттан табигый өзгөчөлүгү боюнча артыкчылыгы бар экени айтылган”, — делет соттун чечиминде.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда бул аял улут аралык кастыкты козутуу фактысы боюнча айыпталып, издөөдө жүрөт.