БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Такси айдоочулары президенттен оң рулдуу унаа менен 2030-жылга чейин жүргүнчү ташууга уруксат берүүнү суранышты. Бул тууралуу "Кабылан" такси айдоочулар кесиптик бирлигинин төрагасы Улан Чолпонбаев Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, 21-январдан бери 400дөн ашык оң рулдуу унаа айдоочуларынан лицензия алуу боюнча кайрылуу түшкөн.
Ошондой эле ал учурда лицензия алуу үчүн аскердик билет жана Салык кызматынан маалым кат талап кылынбай калганын айтты. Мындан тышкары, 083 медициналык маалым катты катталган жерден эмес, жашаган жериндеги бейтапканадан алууга болорун кошумчалады.
Андан сырткары, эфирдин жүрүшүндө Бишкек мэриясына коомдук транспорт жүрүүчү тилке менен таксилерге да жүрүүгө уруксат берүү өтүнүчү жөнөтүлөрү маалымдалды.
Белгилей кетсек, 1-февралдан тартып жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн лицензия алуу милдеттүү болот.
Буга чейин ИИМ такси кызматына карата талаптарды иштеп чыгып, токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Анда оң рулдуу унаа менен коммерциялык негизде жүргүнчү жана жүк ташууга тыюу салынган.