БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Франциянын лидери Эммануэль Макрон Европа Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн ажырагыс бөлүгү болушу керек деген пикирин билдирди. Бул туурасында РИА Новости кабарлады. l
"Азыр эле Владимир Зеленский менен сүйлөштүм. Өткөн жумада Абу-Дабиде башталган сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн карап, европалыктар талкуулаган маселелерди кароого өздөрү да катышканы туура деген макулдашууга келдик", — деп Макрон соцтармакка жазган.
Франциянын президенти Париж "мурдагысындай эле Россияга басым-кысым көрсөтүү нетинде" турганын кошумчалаган.
Шейшемби күнү Украинанын ТИМ башчысы Андрей Сибига Киев чатакты соңуна чыгаруу келишимине АКШ менен, ал эми АКШ Россия менен кол коюуга ниеттенип жатканын айткан. Бул процесске Евробиримдиктин катышуусу каралбаганын белгилеген. Ал ЕБ сүйлөшүү менен коопсуздук кепилдигинде "катыша турганын" жана азыркы формат ушул тейде эле калбастыгын айткан.
Өткөн ишемби күнү Бирикен Араб Эмирликтеринин борборунда Россия, АКШ жана Украинанын өкүлдөрүнүн коопсуздук маселелерин талкуулаган кезектеги сүйлөшүүсү аяктаган. БАЭнин өкмөтү жолугушуу майнаптуу болгонун белгилеп, Россия менен Украинанын делегациясы түз пикир алышканын билдирген.
Кремль кезектеги үч тараптуу жолугушуу кайра эле Абу-Дабиде февралдын биринчи күнү өтө турганын кабарлаган.