Таксисттерге лицензия берүүнүн мөөнөтү 1-июлга чейин узартылды

Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. ИИМ таксиге лицензия берүүнүн мөөнөтүн 1-июлга чейин узартуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейинки мөөнөт 1-февралга чейин белгиленген.
"Ички иштер министрлиги жарандардын кайрылууларын эске алуу менен таксилердин ишин лицензиялоо убактысын ушул жылдын 1-июлуна чейин узартты", — деп жазылган маалыматта.
Учурда 8000дей гана кишиге жана 300дөн ашуун юридикалык жакка лицензия берилген. Иш Жол милициясынын бөлүмдөрүндө жүргүзүлүүдө.
Оң рулдуу такси айдоочулары 2030-жылга чейин жүргүнчү ташууга уруксат сурашты