30-январга карата аба ырайы

30-январда өлкө аймактарында туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Жума күнү күндүз республиканын көпчүлүк тоолуу райондорунда кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда 0…+2, Таласта -4…+1, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көлдө -1...+4, Нарын өрөөнүндө -4…-9 градус суук болот.
Күндүн табы Бишкекте 0…+2, Ош шаарында 2…4 градусту көрсөтөт.
Салыштырмалуу жылуу болуп, кар аз түшөт. Февралга карата аба ырайынын божомолу