Словакия премьери украин чыры 2027-жылдын ноябрына барып токтоорун боолголоду

Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Словакия премьер-министри Роберт Фицо маалымат жыйында украин жаңжалы 2027-жылдын ноябрь айына барып соңуна чыгарына ишеним артты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Өлкөнүн тышкы иштер министри Юрай Бланар менен бирге өткөн жыйында өкмөт башчы россиялык газдын импортуна салынган тыюуну акылга сыйгыс аракет деп атаган. Талап 2027-жылдын 1-ноябрынан тарта күчүнө кирмекчи.

"Ага чейин согуш токтоп, акыл-эсибизге келебиз деп ойлойм. Россиялык энергоресурстардан баш тартуу өзүн-өзү өлтүрүүгө тете. Бул жеке эле менин пикирим эмес, Евробиримдиктеги бир топ саясатчы ушундай ойдо", — деген Фицо.

Анын айтымында, Словакия Европада газдын жетишсиздигин эске алуу менен россиялык газдан баш тартууга башынан эле каршы.
Дүйшөмбү күнү жарыяланган ЕБ кеңешинин билдирүүсүнө ылайык, уюм 2027-жылдын 1-январынан Россиядан суюлтулган газды, 30-сентябрдан тарта түтүк менен келчү газды импорттоого салынган тыюуну колдоп берген.
Ажырым менен тирешүү күчөйт. Вучич Украина боюнча божомол жасады