БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Министрлер кабинети риелторлор рыногуна коюлган талаптарды катаалдаштырууну пландап жатат.
Иштелип чыккан мыйзамдык өзгөртүүлөргө ылайык, эми риелторлор милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек болот. Каттоодон өтпөгөн учурда жеке жактар үчүн — 7,5 миң сом, юридикалык жактар үчүн 23 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган. Ошондой эле каттоосуз ишмердүүлүктү жарнамалоого да 10 миңден 28 миң сомго чейин айып салынат.
Минкабдан түшүндүрүшкөндөй, бул өзгөртүүнүн негизги максаты — керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана көмүскө рынокту кыскартуу үчүн риелтордук ишмердүүлүкту жөнгө салуу.