БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызстанга Индиядан мал жана андан жасалган азыктарды алып кирүүгө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, Ветеринардык кызмат мындай чечимди Нипах вирусуна байланыштуу кабыл алган. Чектөө бүгүн, 28-январдан баштап, күчүнө кирет.
Мындан улам Ветеринардык кызмат белгисиз мал-жандын этин алуудан алыс болууну, тиешелүү документтердин бар-жогун сурап, кызыгып коюу керектигин эскертти.
Россия Илимдер академиясынын мүчөсү Геннадий Онищенко Нипах өлүмгө алып келе турган вирус экенин билдирди. Айтымында, ага каршы дары азырынча жок. Илдет мээни, өпкөнү, жүрөктү, бөйрөктү, көк боорду жабыркатышы мүмкүн. Анткен менен Онищенко вирус пандемиялык потенциалга ээ эмес экенин белгиледи.
Айта кетсек, январдын ортосунда Индиянын чыгышындагы Батыш Бенгалия штатынын бийлиги Нипах вирусуна медициналык кызматкерлердин экөө чалдыкканы тууралуу кабарлаган. Алар өзүнчө жаткырылып, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган. 25-январда Индияда бул вирусту жуктурган биринчи бейтап каза тапканы, ноокас менен байланышта болгон медайымдардын бири комада жатканы кабарланды. Анда 100 адам үй карантинине алынган.