Кыргызстанда буудайдын түшүмү азайды

Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызстанда буудайдын түшүмү кыскарды.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өткөн жылы 490,5 миң тонна дан жыйналган. Ал эми 2024-жылы бул көрсөткүч 665 миң тоннанын тегерегин түзгөн.
Ошентип түшүм болжол менен төрттөн бир бөлүккө кыскарды.
Белгилей кетсек, республика дан жана унду негизинен ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөн импорттойт.
Радио
Министрлик: мол түшүм алуу үчүн топурактын сапатын изилдөө керек