БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте Украинанын аталган альянска кириши боюнча маселе алар түзгөн учурдагы күн тартибине кирбегендигин айтты.
НАТО жетекчилиги Европарламенттин чет элдик иштер боюнча комитетинин депутаттары менен талкуу өткөргөн.
"Албетте, Украина жетекчиси өлкөнүн НАТОго киришин каалап турат, бирок биримдиктеги ар кыл мамлекеттер каршы болууда. Киев альянска кошулушу керек, бирок жакын арада кабыл алынбайт. Демек, Россиянын кайрадан чабуул жасашына жол бербөө үчүн коопсуздук кепилдиктери мурдагыдан да өтө маанилүү", — деген башкы катчы.